Бүгүн, 30-ноябрда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, суракка Тайырбек Сарпашев саат 17:00гө чакырылганы айтылды.
27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган.