Биз социалдык тармакта

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев мал базарына барды

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев мал базарына барды. Бул тууралуу маалымат министрдин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Анда Тилек Токтогазиев түз эфир уюштуруп, сатуучулардан малдын баасын сурады.

Министрдин "Бизге базарларда мал сатылбай калды деген видеолор келип жатат. Сатылып жатабы?" деген суроосуна сатуучу "сатылып жатат. Көбүнчө союлган малдын эти өтүп жатат" деп жооп берди.

Ошондой эле Тилек Токтогазиев "Чек ара жабылгандан бери малдын баасы канчага сомго түштү" деген суроого кызыкты. Буга сатуучу: "5 миңден 10 миңге чейин түштү" деп жооп берди.

Эфирдин соңунда Токтогазиев эттин базардагы орточо дүң баасы 360 сом болуп жатканын айтты.

Буга чейин 20-ноябрда Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри айрым бодо малды экспорттоого убактылуу тыюу салбаса көйгөйлөр жаралары тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
umarbey
2020-11-30 13:21:26
Piyar kilgandi toktotup ishke otpoybu. Rezultat kerek rezultat piyar emes Tilek. Chek aradan dagi dele tiruuloy otup atat maldar.
+4
futboler
2020-11-30 13:24:07
Малдын баасы 360 сом дейби? Бир короо мал сатып алып койсомбу.
-6
oshondoiraak
2020-11-30 13:28:15
Токтогазиевди сатып жибербегиле анан
+1
Kudi
2020-11-30 15:56:13
500 сомго чыгып кеткен эми түшүптүрда
+1
Flowhive
2020-11-30 20:39:37
Малды сата бериш керек,кардар бар маалда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан