Биз социалдык тармакта

"Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 25 метрди түзгөн балатыны орнотуу иштери уланууда (фото)

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 25 метрди түзгөн жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери уланууда.

Борбордук аянтка балатыны орнотуу иши 28-ноябрь күнү башталып, бүгүн да уланууда. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, балаты 4 күндө толугу менен орнотулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жаңы жылдык концерт жана салют уюштурулбайт.

Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Жаңы жыл майрамына карата борбордук аянтка символикалык түрдө балаты коюлуп, 10-декабрда күйгүзүлөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kattaldym
2020-11-30 17:55:51
Биздики мынча метр деп башталат экен да эми)
+4
nazarnew
2020-11-30 18:29:58
Коюлат, значит майрамдалат, вот увидите, майрамдашат, себеби бизде закон кагазда иштейт көчөдө ни фиге иштебейт. Логика, если запрет болсо неге орнотуп жатышат???
-3
forever88
2020-11-30 18:59:20
Быйыл койбойбуз деп атышпады беле
+2
Arai92
2020-11-30 19:09:30
forever88, Койо берсин. Ансыз деле мартта карантин башталган бери кризис болуп стресс болуп журобуз. Балаты коюп маанайыбыз кичине которулсун.
+6
Mister-XXX
2020-11-30 19:23:25
Arai92,Жогору жакта жазгандар түшүнбөй калган окшойт.Былтыркы балаты курулат,жаңы балаты сатып албайбыз деп айткан.Ишенбесенер,маалыматты кайра окуп чыксанар.
+5
Jibakana
2020-11-30 19:33:33
Вот интересно жылда ёлка коюлат жаныланып а эски мурунку жылдагылар кайда кетет?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан