Биз социалдык тармакта

Алай районунда 60 орундуу оорукана ачылды

Ош облусунун Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ачылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы ачылган оорукана 60 орунга ылайыкталып, колдонууга берилди.

"Аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемия маалында зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылды. Оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды. Учурда толук бүткөрүлүп, портативдүү рентген да орнотулган. Оорукана коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aizada2020
2020-11-30 15:09:07
нандары сонун го
0
Samina007
2020-11-30 18:36:59
Алайга келсеңер сулуу кыздар даамдуу нан менен тосуп алат күлүп жайнап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан