Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Каркыра-унаа жолу" бекети жазга чейин жабылат

"Каркыра - унаа жолу" өткөрмө пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, чек ара өткөрмө бекети 30-ноябрь саат 18:00дөн баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин жабылары айтылат.

"Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Каркыра -унаа жолу"- "Кеген -унаа жолу" бекеттери жабылат", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, "Каркыра - унаа жолу" Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу автоунаа өткөрүү пункту болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан