Биз социалдык тармакта

Депутат: "Эгерде анализ жок ушул бойдон кете берсек, 3 жылдан кийин пенсия бере албай калуу коркунучу турат"

Депутат Акылбек Жапаров Социалдык фонддун абалы жылдан жылга оорлошуп баратканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Эгерде анализ жок ушул бойдон кете берсек 3 жылдан кийин пенсия бере албай калуу коркунучу турат. 3 жылдан кийин Социалдык фонд сынып, эч ким пенсия албай калат - деп ачык айтпайсыңарбы. Социалдык фонд өз милдеттемелерин аткара албай кала турган заманга баратабыз. Канча адам пенсияга чыкканын, топтомо бөлүгү кандай? - так анализ болушу керек. Пенсия бул жөлөк пул эмес, ким иштеп социалдык фондго акча которсо гана пенсия алууга татыктуу. Негизи Социалдык фондду пенсиялык фонд деп өзгөртүү зарыл",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан