Түркияда сутка ичинде COVID-19дан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, аталган өлкөдө бир сутка ичинде 31 миң 219 адамдан COVID-19 илдети аныкталса, 188 адам каза болгон.
"Бүгүн COVID-19ду 31 миң 219 адам жуктуруп алганы аныкталды. 188 бейтап аталган илдеттен каза болду. Бул пандемия башталгандан бери сутка ичинде каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катары катталды", - деген Фахреттин Коджа.
Түркия коронавирус пандемиясы башталгандан бери 638 миң 847 адам аталган илдетке кабылган. Тилекке каршы, 13 миң 746 бейтап каза болгон.