Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда жүргүзүлгөн иш-чара учурунда издөөдө жүргөн 3 кылмышкер кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүзүлгөн атайын иш-чара учурунда издөөдө жүргөн 3 кылмышкер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын ноябрь айынын акыркы күндөрүндө Жалал-Абад облусунун аймагында «Селсаяк» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын негизги максаты - облус аймагында катталган кылмыштардын бетин ачуу, атайын издөө жарыяланып, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо жана кылмыштуулукту алдын алуу.

Аталган иш-чаранын алкагында облустук милиция тарабынан 2 күн ичинде жалпы - 87 жаран текшерилип, алардын – 32си профилактикалык каттоого алынган. Ошондой эле издөөдө жүргөн – 3 кылмышкер кармалган болсо, анын ичинен бирөөсү эл аралык издөөдө жүргөн. Андан сырткары – 5 кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр тергөөгө алынган.

Учурда облустук милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштардын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан