Коронавирус менен ооругандардын саны көбөйсө, биз кайрадан мейманкана, ресторандарды жабабыз. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева бүгүн, 1-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
"Биз пандемияны жеңебиз деп максат коюп жатабыз. Азыр эч нерсе айта албайбыз, бирок ооругандардын саны өсүп кетсе, бизнес адамдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ресторан, мейманкана сыяктуу жайларды жабабыз",- деди вице-мэр Айжан Чыныбаева.