Биз социалдык тармакта

Бүгүндөн баштап Бишкекте кинотеатрлар, фудкорттор жана компьютердик клубдар ишин жандантты

Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте кинотеатрлар, фудкорттор жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, ишин жанданткан жайларда кызматкерлер жана келген коноктор бет кап тагынуусу шарт.

"Ишин жанданткан мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандар бет кап тагынып, шахматтык негизде отурушу зарыл. Ал эми тамактануучу жайлардын 50 пайызында гана адамдар олтуруп, тамактанууга уруксат берилет", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан