Бишкек шаарындагы мектептер 3-чейректен баштап ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.
«14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда, борбор калаадагы мектептер III чейректен баштап штаттык режимде иштөөгө өтөт», - деп билдирди ал.
Ошондой эле Кубан Кундашев Бишкектеги жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды оффлайн режимде окутуп жатканын эскерте кетти.