Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштеринин кесепетинен көгүчкөндөр өлдү деген маалымат калп. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Бул маалымат калп болуп чыкты. Окуя Казакстандын Алматы шаарында болгон. Ошол эле убакта азыр өзүңүздөр көрүп жатасыздар, бак-дарактар гүлдөп жатат. Аларга максималдуу зыян келтирбегендей кылып, акырындан дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатабыз", - деди мэриянын аппарат башчысы.