Биз социалдык тармакта

Балбак Түлөбаев: "Окуучулар массалык түрдө ооруп калса, мен аларды каякка жаткырам"

Бишкекте мектеп менен бала бакчалар жабык бойдон калат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Бир класста 55 бала окуйт. Бишкекте жалпы 70 миң бала окушу керек болсо, чындыгында 170 миң бала окуйт. Бул 211 пайыз. Ал эми шаардагы балдар үчүн ооруканалар 40 эле орундук болот. Эртеңки күнү балдар массалык түрдө ооруп баштаса, мен аларды каякка жаткырам. Ошондуктан ата-энелер мени жаман көрбөгүлө. Бала бакчалар боюнча абал деле ушундай эле. Андыктан шаарда эпидмиологиялык кырдаал толугу менен калыбына келмейинче мектептер ачылбайт. Ооба, 1-6-класстар же 6-11-класстар ачылышы мүмкүн. Бирок аны мен чечпейм", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sarbo
2020-12-01 17:06:34
туура эле кабыл кылыш керек
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан