Акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы 683 бала коронавирус жуктурган учур катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, республикалык штаб билдирди.
"Салыштыруу үчүн сентябрь айында республикада - 48, октябрда - 315, ноябрда - 320 учур катталган. Оорулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталса, октябрь айында 83 учур, ноябрда – 143 учур катталган. Ал эми кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат. Баарынан аз катталгандар Нарында", - деп жазылат маалыматта.
Ноябрь айындагы маалыматтар:
Бишкек - 143;
Баткен - 32;
Ош - 4;
Ош облусу - 9;
Жалал-Абад облусу - 31;
Талас облусу - 8;
Ысык-Көл облусу - 39;
Нарын облусу - 0;
Чүй облусу - 54;
Бардыгы: 320