Биз социалдык тармакта

Ошто эттин баасы көзөмөлгө алынат

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов чек арадан мал өткөрүүгө чек коюлса да, эттин баасы төмөндөбөгөнүнө кызыкты. Бул тууралуу Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Өзгөн районунда заманбап мал союучу ишканада малдар союлууда. Эми баанын арзандашы көзөмөлгө алынат.

Бул боюнча өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнө жана бааны көзөмөлгө алуу кызматына тапшырма берилди", - деп жазылат маалыматта.

Ош облусунда эттин баасы көзөмөлгө алынат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pankration_MMA
2020-12-02 00:51:38
Доллар кымбаттап кетти, деп түшүрбөйт баарибир...
-4
ika8086
2020-12-02 12:34:35
долларга шылтоолобош эт озубуздон.Чегара мн келбейт мал жандыктар.300сомго тушургуло.Канчалык эт арзан болсо элда кобураак сатып алышат этти.
+2
Felice41
2020-12-02 15:12:41
ika8086,
Жем, чөптүн баасы канча билесизби?
Карапайым эл эптеп мал менен күн көрүп жатса, өкмөт тоскоол болуп чек арадан мал өткөзбөй койгону туура эмес чечим.
0
Felice41
2020-12-02 15:17:52
Карапайым элди кыйнабай шарт түзүп ойлонуп иш алып барсаңар болбойт беле???
Бешиктен бели чыга элек бала, айыл чарба министри терең ой жүгүртсөң боло.
Кассаптар менен эле алып саткандар жыргап жатат. Карапайым элди канын ичмей болдуңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан