Биз социалдык тармакта

"33-апрель", ковид, "даканса"...". 2020-жылы кыргыз лексикасында көп колдонулуп, талкууга алынган сөздөр

2020-жылы өлкөбүздө көптөгөн окуялар орун алды. Алгач жаңы жылдын астанасын аттаар замат эзели укпаган коронавирус илдети босогону "чогуу" аттады. Ал Ухандан чыгып, ошол жакта жок болуп кеткен сыяктуу көрүнгөнү менен, дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жетти... Андан Кыргыз өлкөсү дагы четте калган жок. Мындан улам элибиздин лексикалык корунда жаңы сөздөр пайда болуп, акырындык менен элдин күнүмдүк колдонгон сөздөрүнө айланды да калды.
Super.kg порталы бул жылы коомчулукта эң көп колдонулган жана жаңы кирген сөздөрдү тизмектеп чыкты. Алар:

* Коронавирус

* Карантин

* Ковид

* Пневмония

* Пандемия

* Изоляция

* Ухан вирусу

* Стационар

* Брифинг

* Комендант

* Өзгөчө абал

* Өзгөчө кырдаал

* Блокпост

* Онлайн окуу

* ZOOM (зум)

* Бет кап

* Антисептик

* Гуманитардык жардам

* Дары-дармек

* Комендант

* Концентратор

* ИВЛ аппараты

* Дене табы (температура)

* Бейтап

* Статистика

* Аты жаман оору

* Ыктыярчы

* Эпидемиологиялык кырдаал

* Дистанциялык

* Клексан

* Гепарин

* Вакцина

* Медициналык кол кап

* Видео конференция

* Коргоочу кийим (СИЗ)

Мындан тышкары социалдык тармактар аркылуу, сүйлөшкөндө бири-бирибизге "Ден соолукта болуңуз!" деген сөздү көп колдонгонубуз анык.

Ал эми өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу дагы коомчулукта бир канча сөздөр көп колдонулганы байкалды. Алар:

* Моралдык укук

* Киргизация

* Люстрация

* Легитимдүү

* Форма-2

* Шайлоо

* Баш аламандык

Ал эми кимдир-бирөө тарабынан айтылып, коомчулукта "мода" катары колдонуп келе жаткан сөздөрдүн тизмеги:

"Ни кто"

"Даканса"

"Пыркыратура"

"Дызынфекция"

"Ханституция"

"Чакурук"

"НВД"

"33-апрель"

"Жаштар келсин".

Окурман, бул жылы көп айтылган сөздөрдүн катарын комментарий жазып толуктаңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aizada2020
2020-12-02 11:09:18
кулгон смайлигинер каякта? жонотойун деп таппадым бирок аябай кулдум. Даканса деген хит болду го жаман
+2
heaven2016
2020-12-02 12:02:29
Алгоритм деген да бар
+1
Bakyt.shutov
2020-12-02 12:38:49
ляя ты крыса
+4
aslonur
2020-12-02 14:05:41
"Кечөө күнү" деген буюрса келерки падышабыздын сөзү бар
+1
tannuru1503
2020-12-02 16:41:38
Калиция...макале...франкфург жана маяне...сексалю...
+2
Aimani
2020-12-03 00:28:33
Таш бергилечи таш дегенди көп окудум мен комментарийлерден
0
DanilAylin
2020-12-03 12:12:30
кустурабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан