Өлкөдөгү ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып киргенинен чыгышы көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 2-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 700 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күнүмдүк агып кириши секундасына 192 метр куб. Ал эми агып чыгышы секундасына 745 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.