Биз социалдык тармакта

Күлкү жаратуучу Ростислав Ященко "Манас" аэропортунун ичи муздак, шыбынан суу тамчылап жатканын айтып чыкты. Мекеменин жообу

КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону, юморист Ростислав Ященко өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилигине видео кайрылуу жасады.

Ал видеодо аба майдандын шыптарынан суу тамчылап, ичи муздак экендигин айткан.

"Учурда аэропорттун жетекчиси ким экендигин чынында билбейм, бирок аэропорттун жетекчилигине кайрылгым келип турат. Мен азыр Стамбулдан учуп келдим. "Манас" аэропортунун ичи муздак, шыптын ар кайсы жерлеринен суу тамчылап жатат. Эч бир жылуулук системи иштебей жаткандыгы көрүнүп турат. Чет элдиктер учуп келет, элестеткиле алардын башына суу тамчылап жатканын. Бул уят да", - деп айтылат Ященконун кайрылуусунда.

Аталган маселе боюнча "Манас" эл аралык аба майдандын маалымат катчысы Алия Курбановага байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Аэропорттун жетекчилиги Ростислав Ященко менен байланышты. Ал айткан маселелер азыр чечилди. Бирок ал айтканчалык абалда начар эмес болчу", - дейт Курбанова.

Юморист Ростислав Ященко "Манас" аэропортунун жетекчилигине кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhunusali
2020-12-02 11:48:44
Дагын уялбастан актанасынарда,сынды туура кабыл алып уйронсонорчу.Аэропорт бул КЫРГЫЗСТАНДЫН босогосу болот.Муну да унутпагыла эч качан.Эптеп эле келген коноктордон тыйын тыпырды кантип ондуруп калууну ойлобостон
+21
aizada2020
2020-12-02 11:50:29
zhunusali,ошо да
+11
Pankration_MMA
2020-12-02 15:47:56
Бул эки жүздүүлөр эч эле мойундарына албайт, кайра өзүңдү күнөөлөйт.
+7
Raihan0602
2020-12-02 17:16:47
Чындыкка дал келбеди окшойт
+1
mira28
2020-12-03 02:24:17
Мен былтыры куз айында 4 Москвадан учуп барып зээним кейип, ушул шарттарды салыштырп коруп анан жаштар чёт олкодо жашап калып жаткан турбайбы деген элем.Танга маал Шереметьево аэропорту нан учуп баргам. Дааратканага кирип чубалжыган кагаз, оозу сынган каучук кумган,чылкылдаган сууда басып журуп суротко тартып алган элем.Чындыгында башка олкодон барып анан байкайсын, оз олконун артка кетип жатканы окундурот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан