Бишкекте 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Токмок шаарынын ички иштер болүмүнө 2004-жылы туулган Алтынбек Айдаралиев ушул жылдын 27-ноябрында саат 19:00дө Бишкек шаарынын Циолковский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кетип,
ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Белгилери: бою 180-185 сантиметр, кашы-көзү, чачы кара, оң кашынын асты кесилген.
Үйдөн чыгып кеткен күнү кийип жүргөн кийими: боз түстөгү күрмө, көк түстөгү шым, кара өтүк.
Милиция кызматкерлери Алтынбек Айдаралиев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 60-73-63, 0(501) 90-00-65, 0(551) 10-27-53, 0(705) 77-70-50.