Биз социалдык тармакта

Абайлаңыз, көк жылгаяк! Бишкектин муз тоңгон жолдорунан тайгаланып, жаракат алган 7 жаран медициналык жайларга кайрылды

Бишкекте көчөлөргө тоңгон муздардан жыгылып, ар кандай жаракат алган алгачкы бейтаптар медициналык жайларга кайрылды.
Бишкек шаарындагы Медициналык консультациялык кызматтар жана спорттук медицина борборунун башкы дарыгеринин орун басары Назгүл Алиаскарованын маалыматына ылайык, 28-ноябрдан 2-декабрга чейин шаардык травматологиялык пунктка 7 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылды. Алардын ичинен денесинин жогорку бөлүгүнүн сыныктары менен - 4 адам, эттин чоюлуп калышы жана жаракалар менен 3 адам кайрылган.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кыш мезгилинде айдоочулар үчүн жол кыймылынын негизги шарты – сактык, ылдамдыктын төмөндүгү жана этияттык экендигин эскертет. Ал эми жөө жүрүүчүлөр арасында тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун азайтуу үчүн төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактоо сунушталат:
* Коопсуз жолду тандоо;
* Тепкич менен көтөрүлүп же түшүп жатканда кармагычтарды кармоо;
* Резина же оюгу бар тамандуу бут кийимдерге артыкчылык берүү;
* Колдорду чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Жыгылып баратканда инстинктивдүү түрдө таянып калууга убакыт жетпей калат;
* Улгайган адамдар учтуу таяк алып жүрүшү керек;
* Кош бойлуу аялдар жалгыз жүрбөшү керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан