Биз социалдык тармакта

Коопсуз шаар: Бишкекте дагы 40тан ашуун жерге камералар орнотулат

Бишкектин көчөлөрүнө дагы 40тан ашуун көзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Курулуш жана архитектура башкармалыгынын жана "Коопсуз шаар" долбоорунун 2-этабын ишке ашыруу боюнча тендердин жеңүүчүсү "Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd" компаниясынын кызматкерлери биргеликте иш алып барууда.

"Адистер камералар орнотулуучу кесилиштерди жеринде байкоо жүргүзүп, иликтеп жатышат. 2-этаптын алкагында 40тан ашуун жерге көзөмөл камералары орнотулат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-12-02 15:00:27
Камера орнотуудан көп акча жешет ээ корупция кылып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан