
4-декабрда Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде бир сутка манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-декабрь Манас күнүнө карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде иш-чара өткөрүлүп, анда бир сутка бою манас айтылат.
"Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат", - деп жазылат маалыматта.