Биз социалдык тармакта

"Кээ бир аймактарда кар жаашы күтүлөт". 3-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 3-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7, күндүз 8;

Талас облусунда түнкүсүн -7, күндүз 3;

Ош облусунда түнкүсүн -2, күндүз 8;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -2, күндүз 7;

Баткен облусунда түнкүсүн -2, күндүз 6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1, күндүз 2;

Нарын облусунда түнкүсүн -5, күндүз 2.

Бишкек шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4, күндүз 3 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан