Биз социалдык тармакта

Эртеңден баштап Ошто кинотеатрлар ишин баштайт

Коронавирус пандемиясынан улам белгисиз мөөнөткө жабылган Ош шаарындагы кинотеатрлар эртең, 3-декабрдан баштап ишин баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош шаарында эртең, 3-декабрдан тарта кинотеатр, интернет клуб, кафе-ресторан жана балдар ойноочу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы шарт", - деп билдиришти мекемеден.

Маалыматка ылайык, уруксат берилген жайларда жарандар аралыкты сактоо менен отургузулуп, зал 50 пайызга гана толтурулушу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан