Чүйдө 1959-жылы жылы туулган Сайдали Сулайманов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сулайманов 15-июнь күнү Москва районундагы Беш-Терек айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Сүрөттөгү адамды көргөн, билгендер болсо төмөндөгү номерге кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 43-01-27, 0(312) 43-88-85, 0(312) 60-77-27, 0550 22-17-17, 0707 54-21-71.