Биз социалдык тармакта

"Орто-Сай" базарында түрттүрүү иштери жүргүзүлдү (фото)

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын бөлүм "Орто-Сай" соода-базар комплексинин айланасын, Октябрь районунун борбордук көчөлөрүн, Максим Горький көчөсүн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүктү тартипке келтирди.

"Жалпысынан мыйзамсыз орнотулган 24 штандер жана 36 баннер алынды. Ошондой эле, Чыгыш-5 кичи районунда мыйзамсыз орнотулган эки күркө алынып, 36 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Бизге, шаардыктардан Көк-Жар конушундагы унаа токтоочу жайга орнотулган темир тосмонун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылуу келип түшкөн. Биз аталган жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин шаардыктар тосмолорду өз ыктыярлары менен бузушту", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоо, ошондой эле мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилер жөнүндө кайрылууларды 0777 14 74 93 номерине билдирип коюуну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан