Бүгүнкү күндүн талкуу жараткан темаларынын бири Боом капчыгайындагы дааратканалардын кызмат акысынын 10 сомго жогорулаганы болду.
Анда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан өткөн бардык жүргүнчүлөр жана айдоочулар баанын жогорулаганына нааразы болгон пикирлерин, социалдык тармактарга жазып чыгышты. Жеринде жүргөн кабарчыбыз баанын эмнеге жогорулаганын билүү үчүн дааратканаларды иштеткендерге суроо салды.
Даараткананы иштеткендер баанын көтөрүлүшүн, баары кымбаттагы менен түшүндүрүштү.
Белгилей кетсек, өлкөдө дааратканалардын кызмат акысы эле эмес, азык-түлүктөргө болгон баа да жогорулады.