Мамбет Мамакеев "Гиннесстин рекорддор китебине" киргендигин тастыктаган расмий сертификатты колуна алды. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Андрей Сопуев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев ушул жылдын 29-февралында "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп убакыт иштеген хирург катары катталган.
Анда 93 жаштагы Мамакеевдин хирург катары 67 жыл 181 күн иштегени айтылат.