Менин жерим: Жай мезгили салкын, меймандос калкы бар айтылуу Өзгөндүн Ийри-Суу айыл аймагы жөнүндө баян кылабыз

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу (Жийде) айыл аймагы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, меймандос калкы, элдин чарбачылыгы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Адис Абдукеримов жана Азамат Бозулан уулу баяндап берди.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1285 метр бийиктикте жайгашкан. Айыл Өзгөн шаарынан 23 чакырым, Кара-Суу темир жол бекетинен 69 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы учурда калкынын саны 5 миң 10 адам.

"Туулган жердин топурагы алтын" деп бекеринен айтылбаса керек. "Ааламга жол айылдан башталат" демекчи, канчалаган акындар ыр арнап, канчалаган жазуучулар туулуп-өскөн кичи мекенин барктап, даңктап кагаз бетине түшүрүп келишет. "Бака да өз сазын мактайт" демекчи, биз да болсо алтындай болгон айылыбыз жөнүндө айта кетүүнү туура көрдүк.

Биздин айыл - Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу (Жийде) айыл аймагы. Эл кыштакка 1860-1870-жылдары отурукташа башташкан. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн курамына 5 чоң айыл кирет. Алар Центр, Корс-Этти, Жаңгакты, Орказган, Кыргызстан", - деди Адис Абдукеримов.

Айылда кыш мезгили 4-5 айга чейин созулуп, кардын калыңдыгы 70-80 сантиметрге чейин жетерин, жайы орточо температурада болуп, шамал дүрүлдөп, түндүк-батыш тараптан согуп турарын, ал эми жай мезгили салкын болорун каарманыбыз айтып өттү.

Айыл аймагында 4 орто, 3 башталгыч мектеп, 1 кичи футбол аянтчасы, оорукана, ФАП, ветеринардык дарыкана, май куюучу жай жана 11 мечит бар.


"Биздин Ийри-Суу айыл аймагыбыздын кооздугуна, көк шибер жайлоолоруна, шылдырап аккан булактарына, шаркыраган сууларына, токойлоруна суктанып, көрүп көзүм тойбойт. Аймак тоолуу болгондуктан элибиздин басымдуу бөлүгү мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык менен алектенип келишет. Жайыт кенен болгондуктан Кара-Суу, Өзгөндүн көпчүлүк малы биздин айылда багылат. Жайкысын жайлоолорго боз үй тигип, жылкы байлап, саамал, кымыз ичишет. Кышкысын аламан улак, көк бөрүнү апта сыйын айылдар кезек-кезеги менен өткөрүп турушат.

Тургундары өтө меймандос келип, кайсы убакта конок келбесин дасторкону жайылып, тамак-ашы даяр турат. Илгертен келе жаткан бул салтыбыз азыркы күнгө чейин өз күчүн жоготпой келүүдө", - деди аталган айыл аймактын тургуну Азамат Бозулан уулу.

"Биздин аймактан белгилүү инсандардын бири Кыргыз өлкөсүнө аттын кашкасындай таанылган көптөгөн сыйлыктардын ээси, илимпоз, адабиятчы жана котормочу Камбаралы Ботояров чыккан. Ал Иса Калашниковдун "Каар заман", Рагбузинин "Пайгамбарлар баяны", Реми Дордун "Оогандык кыргыздар", түркмөн, өзбек эл жомоктору жана башка чыгармаларды которгон. Ошондой эле Абдижамил Жамалов, Осмон Гүрөнов, Рустам Мамасадыков аттуу генералдар жана атактуу ырчылар, акындар, Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреткен белгилүү спортчулар чыккан", - деди Адис Абдукеримов.


Алыстан куса болуп сагынамын,
Көзүмдөн өтөт жайлоо-талааларың.
Көңүлүм көксөгөндө сага барып,
Көксөм сууп чыйраламын, жазыламын.

Айылдын эли дагы пейили кенен,
Күжүрмөн талыкпастан эмгектенген.
Котормочу, генерал, спортчулар,
Ийри-Суунун суусун ичип бойго жеткен.

Бул саптар Азамат Бозулан уулуна таандык. Ал айылына болгон сагынычын, сезимдерин, айылы менен сыймыктанарын баяндап өткөнүн айтты.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан