"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айыл аймагы тууралуу сөз болот. Өзүнүн тарыхы, жашап өткөн инсандары, санжырасы тууралуу SUPER.KG порталына айылдын жашоочусу Адина Калдарбекова баяндап берди.
Ар бир айыл өзүнүн тарыхы, жашап өткөн инсандары, санжырасы менен бири-биринен айырмаланып турат.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айыл аймагында жалпы 2 миң 67 адам жашайт. Ак-Кыя айыл аймагы суунун аркы өйүзү жана берки өйүзү болуп Ак-Кыя жана Көк-Жар айылы деп аталат.
Климаттык шарты оор, кышы 5-6 айга созулуп, 35-40 градуска чейин суук болот. Айыл облустун борборунан 102 чакырым, ал эми райондун борборунан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1 миң 760 метр бийиктикте турат. Катаал шартта жашагандарына карабай, эл мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенишет.
Ак-Кыя айылы тарыхый жерлерге бай жана эң кооз жайлоолору башка айылдарга салыштырмалуу көп. Ар бир жайлоосу өзүнчө тарыхый аталышка ээ. Кереметтүү жайлоолордун катарына: Жалгыз-Тал мазары, Көлмө, Эр Табылдынын ташы, Козуке-Баян, Ноосаң, Бурулчанын селкинчеги, Бала-Тапан, Кыз-Жайлоо жана Төр жайлоосу эсептелинет. Кызыгы, бул жайлоолордон өткөн соң атактуу Соң-Көл жайлоосуна эшик ачылат.
Ак-Кыя, Көк-Жар айылдары турган жерлер мурун Какыр Коргон деген аталышта болгон. Суусуз, чий Төө куйрук баскан, шыбак баскан чоң тегиздик турпатына жараша аталган. Эң алгач 1932-жылы Токой, Көк-Таш, Шиш Дөбө жерлерди жердеген чачкын айылдарды ирилиштирип Ак-Кыя айылы түптөлгөн. Кара-Суу дагы Бердаалы колоттогу арыктын колотундагы, Ак-Чий (азыркы аталышы Ой-Чий ). Өрөөндөгү сокучулар, чоң чарыктар, чымынтайлар бириктирилип 1936-жылы Ак-Кыя айылы түптөлө баштаган.
Ак-Кыя айылынан чыккан чыгаан инсандар деп Токтобай Орозобеков, Насырынбек Масадыков, Султан Абдраев, Көчөрбай Мамытов, Кубатаалы Кутукеев, Асанаалы Абдраимов, Майрамкүл Мамбеткожоева жана Муканбет Жамангуловду айтышат.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылда Алп Тоок деген баатыр болгон. Ал абдан чоң көлөмдө болуп, аттарды Кожомкул баатыр сыяктуу өзү эле көтөрүп койчу экен. Мындан улам айылда ал баатырдын атынан коюлган Алп Тоок деген тоо бар.
Өлкөдөгү эң бою узун адам Жеңишбек Райымбаев да аталган айылда төрөлгөн.