Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 12 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек ш. – 6
Чүй облусунда – 2
Ош ш. – 1
Ош облусунда – 1
Баткен облусунда – 2 (кызыл зонадан 1)
Ал эми бир суткада стационардан 9, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 3944 учур катталды, алардын ичинен 3634 медкызматкер сакайды.