Депутат Алиярбек Абжалиев азык-түлүктөрдүн баасынын өсүп жатканы боюнча иш алып баруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күнү азык-түлүккө болгон баа өсүп жатат. Ушул боюнча өтө оор болгонуна карабастан иш алып баруу керек. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана башка тийиштүү мекемелер ушул боюнча иштерди алып барышы зарыл", - деди ал.
Ошону менен катар эле депутат эпидемиологиялык абал оор болуп жатканын кошумчалады. "Башка мамлекеттерде бет кап тагынбагандарга чоң суммадагы айып пулдар салынат экен. Бизде абал оор болуп жатат", - деди эл өкүлү.