Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 58 миң 998 кол чогултту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек.
Ушул сааттарда Жапаровдон сырткары Бабыржан Төлбаев жана Аймен Касенов чогултулган колдорун БШКга өткөрүп бергени белгилүү.