Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад облусунун аймагында 11 ай ичинде жалпы 500дөй жол кырсыгы катталды

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери райондук казыяттын дин өкүлдөрү менен биргеликте "Адам жаны Аманат" аталыштагы акция өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, акциянын жүрүшүндө дин өкүлдөрү айдоочуларга ар бир жүргүнчүнүн жаны аманат экендигин түшдүрүп, жол эрежелерин так сактап жүрүүлөрү керектигин эскертишти.

"Жалал-Абад облусунун аймагында 11 ай ичинде жалпы 500дөй жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 123 адам көз жумган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан