Социалдык тармактарда ардагер Шарабидин Эрмеков менен Кыргыз өлкөсүнүн Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов экөөнүн кайым айтышкан видеосу тарады.
Маалыматтарга караганда, бул окуя бүгүн, 3-декабрда өткөн Конституциялык кеңешменин "Конституциялык түзүлүштүн негиздери" аталышындагы жыйында болгону айтылууда.
Видеодо Нарын шаарынан келген ардагер Шарабидин Эрмеков Эдил Байсаловго "Телевизордо эл айтып жатат, баягы Байсалов деген неме дагы деле отурат деп. Бар кошомат кыл, Текебаевдерге бар! сен ошолордун кишисисиң", - деп жаткандарын угууга болот.
Ал эми буга жооп кылып Эдил Байсалов "Оозуңа карап сүйлө! Атаңдын башы!" - деген жообун узаткан.