Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерлери кароосуз көчөдө жүргөн баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен кароосуз жүргөн бала табылган. Ошол замат өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы баланы бөлүмгө алып келип, аты-жөнүн тактаган.
Анда ал 2009-жылы туулган М.Ж. аттуу бала болгон. Ата-энеси чакыртылып, аман-эсен өткөрүлүп берилген. Өз убагында милиция кызматкерлерине баланын жакындары ыраазычылыгын билдиришкен.