Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында абанын булганышы нормасынан 5 эсе жогору

Бүгүн, 4-декабрь саат 9:50гө карата Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында абанын булганышы нормасынан 5 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 125 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 102). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Чыгыш-5 кичи району – 30 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 25).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан