Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАР: "Базарда чоң апанын 2 эле жумуртка сатып алганга акчасы жетти". Жарандык активист Артём Новиковго кайрылды

Бишкекте жумурткага болгон баа үч эсе кымбаттап кеткендиктен, бир чоң апанын базардан 2 эле жумуртка сатып алганга акчасы жеткенине күбө болдум. Мындай постту социалдык тармакка Назира Мукамбетова аттуу жарандык активист жарыялады.

Өз билдирүүсүндө ал премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи премьер-министр Артём Новиковго кайрылган.

"Бүгүн Аламедин-1 кичирайонундагы "Чынар" базарынан бир чоң апа эки эле даана жумуртка сатып алып жатканын көрдүм. Анткени жумурткалар кымбаттап кетти. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи премьер-министр Артём Новиковго Бишкек боюнча баалары эң кымбат болгон Аламедин-1 кичирайонундагы "Чынар" базарын текшерүүсүн суранам. Пенсионерлердин алган акчасы аз эле экенин унутпагыла. Мындан тышкары аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөлөр бар. Эмне себептен жумуртка менен өсүмдүк майлары үч эсе кымбаттап кетти?" , - деген оюн жазган активист.

Биз бул боюнча Назира Мукамбетовага байланышканыбызда аталган постту өзү жазганын тастыктап, "Бул биздин азыркы күндөгү корконучтуу чындык" , - деген оюн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurikkg90
2020-12-04 15:39:23
ушундай кымбатчылык боло берсе наразачылык токбойт бизде баардыгы жетиштуу эле болгону чондор иштебей оздору жеп койушуп жаткандары окунучтууу
+4
bbek
2020-12-04 16:37:30
Эн туура бааларды козомолдобосо болбой калды карапайым калкка эле кыйын болду
+2
Jelezo
2020-12-04 16:40:29
Тоок бакыла жумуртка жегиңер келсе,анан арзандайт.
+2
Baatirbek81
2020-12-04 18:29:11
Тоок баксаң дагы пайдасы жок,жемдин баасы 17сомдон 27 сомго көтөрүлүп кеткен!
+3
sotkasotovic
2020-12-04 20:10:49
Baatirbek81,дыйканчылык кылгыла, жугору айдагыла анан жем арзандайт
+2
Shekeev969798
2020-12-04 23:20:57
sotkasotovic,Жер кымбат арендага алайын десен)))
+2
velicanos
2020-12-05 12:32:48
Shekeev969798, арзандаганда жер сатып алгыла
0
zevs
2020-12-04 18:23:04
Чындыгында бизде козомол жок болуп калды бааны каалагандай которуп сатып жатышат. Чондор болсо дагы деле креслону енсеп жатат ойлонуп.
+1
Nur777
2020-12-05 00:58:01
Ушу Чынар базар менен Орто-Сай базарлары эн кымбат базарлар!1-чисин Укемдер,2-чисин Окемдер ээлеп алып асмандын башын кобп алып отурушат!Кыкемдер иштеткен базар эле берекелуу:Ош базар,Аламедин базары,Баткен базары....
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан