Бүгүн, 4 -декабрда "Манас Ордо" комплексинде "Манас" күнү салтанаттуу башталды. Ага вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.
Иш-чара "Семетейдин Таласка кайтып келиши" театрлаштырылган көрсөтүү менен башталып, манасчылардын манас айтуусу менен уланууда.
Манас айтуу бир суткага уланып, 5 - декабрь күнү саат 11:00 дө аяктайт.
"Манас" күнүнө карата өтүп жаткан иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүүдө. Келечекте мындай иш-чараны башка аймактарда да өткөрүү пландалып жатканын министрликтен кабарлашты.