Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жөө жүрүшкө чыккандар "Ала-Тоо" аянтына келишти.
Акцияга чыккандар темир жол бекетинин алдына чогулушуп, жөө жүрүш менен аянтка жөнөшкөн. Жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Улан Үсөйүн мындай акция 5-жолу өтүп жатканын билдирди.
Жүрүшкө президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, саясатчы Бектур Асанов, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров катышты.
Алар аянтта 5 мүнөт турушуп, талаптарын айтышып, тарап кетишерин билдиришти.