Биз социалдык тармакта

Артём Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапары менен барат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков 7-9-декабрда Баткен жана Ош облустарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Артём Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, ошондой эле жумушчу сапардын алкагында ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган өкмөттүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Иш сапардын соңунда Новиков "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baha.A
2020-12-06 18:21:54
Агитациягабы?
-4
taalai1008
2020-12-07 09:24:14
Алдын ала айтпай койсо даярданып коноктобой коюшат экен да.
0
Amai
2020-12-07 10:38:00
Не болду десе ошто тартип болуп калыптыро бугун бираз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан