"Дары-дармек кымбаттайт, түгөнөт экен" деп дүрбөлөң түшүп жаткандарга министрликтин өкүлү жооп берди

Өлкөдө вируска каршы дары-дармектердин запасы жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-июнда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, акыркы күндөрү эл арасында "дары-дармектер кымбаттайт экен, жетишпейт экен" деген кептер тарап, калк арасында дүрбөлөң түшүп жатат.

"Мындай маалымат туура эмес. Мен жарандарга кайрылып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам. Өлкөдө дары-дармектин запастары жетиштүү. Кечээ эле фармацевтикалык компаниялардан маалыматтарды алдык. Ага ылайык, запас жетиштүү", - дейт Каратаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janna07
2020-06-30 11:06:01
Б....н ысыгын жепсин, элдер кымбаттайт дедиби значить кымбаттайт. Контролдош селердин колунардан келбейт. Контролдогонунарда карантинде унду контролдойт эленер
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан