Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймакта кар жаайт. 8-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 8-декабрда Кыргыз өлкөсүндө түнкүсүн Чүй, Талас, облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдорго муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Талас облусунда түнкүсүн -9….-14, күндүз -1…-6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын дубанында түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз бир аз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан