Жалал-Абад облусунун аймагында 28-ноябрдан 6-декабрга чейинки бир апта аралыгында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан 1 миң 207 жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата протоколдор түзүлгөн. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.
Анын ичинен 30 айдоочу мас абалында унаа башкарса, 10 айдоочу автоунааларынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алган.
Ал эми катуу ылдамдыкта башкаргандыгы үчүн 420 айдоочуга айып пул салынып, ошондой эле жалпы 42 унаа атайын айып короого коюлган.