Москва шаарында Кыргыз жарандары менен дагестандыктардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Москвадагы Дмитрий Ульянов көчөсүндөгү КФСнин жанында кыргыз жарандары менен дагестандыктар мушташты. Буга дагестандыктардын биринин таксиге жол кирени төлөбөгөндүгү себеп болгон. Ал эми айдоочу кыргыз жараны. Мушташтын катышуучулары оор жаракат алышпагандыгы такталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул окуя тууралуу азырынча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.