Биз социалдык тармакта

Өкмөт Баткенде өрттөнүп кеткен мектепти калыбына келтирүүгө каражат бөлөт

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Баткен облусундагы иш сапары алкагында Чоң-Талаа айылында өрттөнүп кеткен мектептен кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Новиков жергиликтүү бийлик органдарына Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

"Мектептин имаратын калыбына келтирүү иштерин тездетүү керек. Тиешелүү финансы булактары бөлүнүп берилет", - деди Артём Новиков.

Бүгүн, 7-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан орто мектеп күйүп кетти. Анын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Мектеп 1980-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкталып, 300дөн ашык окуучу билим алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан