Өлкөдөгү ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып киргенинен чыгышы көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 8-декабрьга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 438 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 191 метр куб, агып чыгышы 791 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.