Биз социалдык тармакта

Некролог, хирург Жумагүл Хакимова пневмониядан улам 68 жашында көз жумду

2020-жылдын 4-декабрында пневмониядан улам 68 жашында №1 бейтапкананын хирургу Жумагүл Хакимова көз жумду.

Хакимова Жумагүл Хакимовна 1952-жылы Нарын облусунда туулган. 2 кыз, 1 уулдун апасы.

Дарыгер 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.

Эмгек жолун Нарын облустук ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган.

1990-жылдан баштап Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунда хирург болуп эмгектенип келген.

Хакимова Жумагүл өз кесибин сүйгөн, ишине так, кесипкөй, жоопкерчиликтүү дарыгер катары таанылган.

Бейтаптын жүрөгүнөн орун тапкан, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ инсан болгон.

44 жылдык эмгек жолунда Саламаттыкты сактоонун отличниги наамын алган.

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун жалпы жамааты маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2020-12-08 21:11:38
Жаткан жери жайлуу болсун...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан