Күз-кыш айларындагы коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктарды жакшыртуу үчүн план иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
- Кошумча стационарлар уюштурулган;
- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тажрыйбасы жана кеңешинин негизинде, бейтаптарды дарылоо боюнча клиникалык протокол кайрадан каралып чыккан, учурда клиникалык протоколдун 5 варианты каралууда;
- Дары-дармектер, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентратору, жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоо каражаттары, антисептиктер сатылып алынган жана запасы даярдалган;
- 9 стационарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү жана коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу жана аларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн 3 жаңы стационар курулду.