Бүгүн, 8-декабрда бокс боюнча улуттук курама команданын мурдагы машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун сөөгү өзү туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында жерге берилди.
Адылкан Бекболотов 6-декабрь күнү 58 жашында каза болгон. Ал Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбордун жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Кыргыз боксуна опол тоодой салым кошкон Адылкан Бекболотовдун өмүр таржымалын шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз.